Билим берүү министрлиги: 1-класска электрондук кабыл алуу кайра жанданды

28.05.2020, 15:30 Акчабар
Билим берүү министрлиги: 1-класска электрондук кабыл алуу кайра жанданды

«Мектепке электрондук түрдө катталуу» системасы боюнча балдарды 1-класска кабыл алуу кайра жанданды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Билим берүү уюмдары пандемияга байланыштуу жабылганы үчүн порталдын иши убактылуу токтотулган эле. Буга чейин балдарын каттаган гана ата-энелер системага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, директорлорго билдирмелерге кирүү укугу убактылуу чектелген болчу.

Эми портал мурдагыдай режимде иштеп жатат. Мектептер келип түшкөн документтерди кароого киришти. Билдирмени калтыруу үчүн ата-энелер http://mektep.edu.gov.kg порталына кирип, керектүү документтердин баарын тиркеши керек.

Эске салабыз, 2020-21-окуу жылында балдарды мектепке электрондук каттоо Бишкек шаарынан сырткары Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында да жүргүзүлүп жатат. Бул алты шаардан порталга жалпысынан 13 491 билдирме түшкөн.

Электрондук каттоо 1-класска кабыл алууда ачык-айкындуулукту, тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт жана коррупциянын алдын алат.

Тэги: мектеп система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу