«Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

07.12.2019, 15:00 Акчабар
«Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам 2019-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана жеке жалпы билим берүү уюмдардагы башталгыч класстардын окуучуларына тамактанууну уюштуруу тартибин аныктайт.

Мыйзамдын максаты билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун меню боюнча уюштуруу, алардын жаш курагына дал келген азык жана энергетикалык заттар, сарамжалдуу жана балансташкан тамактануу бүтүмдүгү үчүн укуктук шарттарды түзүү болуп саналат.

 

Тэги: мектеп окуучулары билим берүү уюмдары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу