Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди

26.05.2020, 11:00 Акчабар
Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди, алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу ж. б. максатында Индияда болушкан.

Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча дагы улантылууда.

Тэги: Бишкек Индия Кыргызстандын жарандары 22 жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу