Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал узартылат

28.04.2020, 14:00 Акчабар
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал узартылат

«Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Маалым болгондой,  чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынган. Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешкен. 

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

«Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңештин чакан курамдагы жыйыны айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэринин катышуусу менен өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана республикада социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чараларды карап жатат.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Тэги: Бишкек Ош Жалал-Абад Ат-Башы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу