Азык-түлүктү кымбаттаткан айрым соода түйүндөрүнө айып салынды

21.04.2020, 15:10 Акчабар
Азык-түлүктү кымбаттаткан айрым соода түйүндөрүнө айып салынды

17-апрелде Мамлекеттик антимонополия кызматы финансы полициясы жана Бишкек мэриясынын жетекчилери менен биргеликте борбордогу бир катар соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүшкөн. 

Маалыматка ылайык, текшерүү иштери төмөнкү соода түйүндөрдө жүргүзүлгөн:

  • «Кампа» кичи дүң азык-түлүк соода борбору; 
  •  «Вечерка» кичи маркети;
  •  «Гренки» маркети;
  •  «МигГрос» супермаркети;
  •  «Яр-марка» супермаркети;
  • «Весна» дүкөнүндө;
  •  «Алма» гипермаркетинде.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, төмөнкү азык-түлүктөргө болгон баа коюлган чектен ашыгы менен сатылып жаткандыгы аныкталган: кумшекер, макарон, суу май, 1-сорттогу ун жана уй эти. Мындан улам дүкөндүн ээлерине төрт админстративдик айып пул салынды. 

Тэги: Бишкек азык-түлүк баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу