Бишкекте дем алыш күндөрү такси кызматы иштей турган болду

02.07.2020, 17:10 Акчабар
Бишкекте дем алыш күндөрү такси кызматы иштей турган болду

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү санитардык талаптарды сактоо менен такси кызматынын иштөөсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова "Дем алыш күндөрү коомдук транспорттун ишмердүүлүгүн чектөөгө байланыштуу" жарлыкка өзгөртүү киргизди.

“Такчи кызматынын айдоочуларын суук тийүү, КРВИ жана башка оорулардын белгилери байкалса жумушка чыкпоого чакырабыз. Ошондой эле беткап кийип, жаныңыздарда антисептик болушу керек. Унаанын ичи таза жана маал-маалы менен желдетип туруу зарыл”, - деп айтылат маалыматта.

Аны менен бирге, жүргүнчүлөр да санитардык нормаларда сактоого тийиш.

Тэги: Бишкек шаары санитардык талаптар такси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу