Бишкекке Екатеринбургдан 225 кыргызстандык учуп келди

24.07.2020, 09:13 Акчабар
Бишкекке Екатеринбургдан 225 кыргызстандык учуп келди

Бүгүн, 23-июлда Екатеринбургдан Бишкекке «Урал авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен 225 кыргызстандык учуп келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Аталган каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Ханты-Мансийск, Нижневартовск, Жаңы Уренгойдо жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен түзүлдү. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жактарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам «Урал авиа каттамдары» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Урал федералдык округунда жашап, Мекенине кайтууну каалаган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Тэги: Екатеринбург Бишкек Урал авиа каттамдары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу