Бишкекте «Гепарин» дарысын чектен ашкан баа менен сатып жаткандар аныкталды

24.07.2020, 11:15 Акчабар
Бишкекте «Гепарин» дарысын чектен ашкан баа менен сатып жаткандар аныкталды

Финансы полициясынын ишеним телефонуна калк арасынан, азыркы учурда эң керектүү болуп жаткан дары-дармектерди уруксат кагазы жок жана баасын көтөрүп үй шартында сатып жаткандар тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Арча-Бешик конушундагы темир жол станциясында жайгашкан турак жайлардын биринин аймагында 70 миң сом өлчөмүндөгү каражатка 100 пакет (бир таңгакта беш ампула) «Гепарин» препараты сатылып алынган (бир пакет дарынын баасы 700 сом). 

«Ошол эле үйдүн бөлмөлөрүн текшерүү учурунда көрсөтүлгөн дарылардын дагы көп таңгактары табылган. Аныкталган адамдарга (алып сатарларга) карата сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп, баңги заттардын келип чыгышы аныкталган (алардын Кыргыз Республикасынын аймагына кандайча алынып келингендиги, белгиленген сапатка туура келгендиги ж.б.у.с.)», — деп жазылат маалыматта. 

Мындан тышкары, Финансы полициясы жарандарга аптекадан алган ар бир дарынын сертификаты жана чегин талап кылууну сунуштайт. 

Тэги: Бишкек Гепарин дары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу