Курулуп жаткан Бишкек–Кара-Балта автожолунун 90% бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда транспорт министрлигинин орун басары Бакыт Бердалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө курулуп жаткан авто жолго жана тратуарга асфальт төшөлүп, көпүрө жана жер астынан өтмөк курулуп жатат.
2019-жылдан тарта жумуш аткаруучулар тарабынан 23,4 чакырым жолго органикалык-минералдын аралашмасы, 23,45 чакырым жолго кара шагыл төгүлгөн жана 21 чакырым жолго асфальт төшөлдү деп билдирди.
«2017-жылдан бери салынып бүтпөй жатканынын себеби, бир катар тоскоолдуктар болду», — деп айтты.