Бишкекке Новосибирсктен дагы 183 кыргыз жараны учуп келди

17.07.2020, 11:30 Акчабар
Бишкекке Новосибирсктен дагы 183 кыргыз жараны учуп келди

Кыргызстанга бүгүн, 17-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Новосибирск–Бишкек» каттамы боюнча 183 жаран, анын ичинде жаш балдар кайтарылды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

 

Чартердик рейс дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, медициналык операция жасаткандар, ошондой эле Россиянын Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган 73 кыргызстандык студенттер бар.

Ошондой эле аталган борт менен мекендештердин жардамы катары, жалпы суммасы 185 миң рублду түзгөн медициналык дары-дармектерден жана керектүү жабдуулардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Тэги: Бишкек Новосибирск кыргыз жараны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу