Бишкек шаарынын коменданты болуп Алмаз Орозалиев дайындалды

25.03.2020, 10:35 Акчабар
Бишкек шаарынын коменданты болуп Алмаз Орозалиев дайындалды

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 2020-жылдын 25-мартынан саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилет. 

Өзгөчө абал киргизилгенде же мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаал түзүлгөндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын, улуттук коопсуздукту, жарандык коргоону, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат. 

Өзгөчө абал режимин камсыздаган күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну ишке ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө акт кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.

Тэги: Бишкек шаары Алмаз Орозалиев комендант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу