Бишкекке Казань шаарынан 182 кыргызстандык учуп келди

18.06.2020, 09:00 Акчабар
Бишкекке Казань шаарынан 182 кыргызстандык учуп келди

«Манас» эл аралык аэропортунда 17-июнда «Авиатраффик Компани» авиакомпаниясынын Казань-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейсин тосуп алышты. Бул каттам менен Россияда окуган студенттер, КР жарандары мекенине кайтарылды.

 


 Каттам, дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, россия тарабы менен биргеликте КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылды.

 Жүргүнчүлөрдүн тизмеси социалдык тармактар жана студенттик группалар аркылуу аталган авиакаттам тууралуу маалыматты студенттердин арасында таратуу аркылуу түзүлгөн. Аталган авиакаттам менен Кыргызстанга жалпы 167 кыргызстандык студент жана 15 жаран, анын ичинде 2 жашка чейинки балдар, кайтып келди.

Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

 Студенттерди кайтаруу маселеси боюнча түшүп жаткан кайрылуулар көп болуп жаткандыгын эске алып, ТИМ төмөнкүнү маалымдайт: студенттерди чыгарып кетүү үчүн атайын арналган ушундай каттамдарды уюштуруу ырааттуу түрдө улантылат, ошондой эле КР жана РФ билим берүү тармагындагы мамлекеттик органдар менен кызматташууда уюштурулат.

 ТИМ учурда чет өлкөдө калып жаткан студенттерди жана алардын ата-энелерин сабырдуулукка жана коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтотулушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Тэги: Бишкек Казань шаары кыргызстандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу