Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

31.07.2020, 11:15 Акчабар
Бишкекке Новосибирсктен Кыргызстандын жарандары учуп келди

Бүгүн, 31-июлда «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 184 жараны учуп келди, алардын ичинде балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
 


Чартердик рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президентинин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск облусундагы КР Башкы консулдугуна келип түшкөн Новосибирск аймактарында жашаган КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлүп, алардын ичине төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле Новосибирсктеги клиникаларда хирургиялык операция жасаткандар, оор турмуш кырдаалдарына кабылган жарандар жана Сибирь аймактарындагы окуган ЖОЖдорунда окуган студенттер кирди. Аны менен бирге, бул каттам менен Новосибирск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Хабаровск, Красноярсктан, ошондой эле Сибирь Федералдык Округунун башка шаарындагы мекендештер кайтып келишти.

Ошондой эле бул рейс менен Новосибирсктеги кыргыз диаспорасы тарабынан жалпы суммасы 200 миң рублга барабар дары-дармектер жана эки өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан турган гуманитардык жардам келди.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Тэги: Бишкек Новосибирск Кыргызстандын жарандары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу