Бишкекке Москвадан Кыргызстандын жарандары учуп келди

06.07.2020, 09:00 Акчабар
Бишкекке Москвадан Кыргызстандын жарандары учуп келди

5-июлда Бишкек шаарына Москвадан 424 жаран келди, алардын ичинде 26 кичинекей бала бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Кыргызстандын жарандары «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлер боюнча түзүлгөн. Маселен, бул каттам менен кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдар, Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, мекенине кайтууга жүйөлү себептери бар жарандар (жакын тууганын жоготкон, оор илдети бар, жакында арада операция болгон жарандар) кайтарылган.

Белгилей кетсек, бул каттам менен ошондой эле Россия Федерациясында иштеген кыргыз дарыгерлери COVID-19 жана пневмонияга каршы күрөштө Кыргызстандагы кесиптештерине жардам берүү үчүн учуп келишти.

Учуп келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга жаткырылат.

«Чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», - деп билдирет министрлик.

Тэги: Москва Бишкек жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу