Бишкекте дем алыш күндөрү кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт

24.02.2021, 16:40 Акчабар
Бишкекте дем алыш күндөрү кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте 27-28-февраль кайрадан азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 

Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтүүчү даректери:

1. Октябрь райондук администрациясы, 12 кичи район, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

2021-жылдын 27-28-февралында өтүүчү жарманкедеги продукциялардын баалары:

Уй эти – 390-405 сом;

Жылкы эти - 380-390 сом;

Кой эти - 410 сом;

Тоок эти - 190-200 сом;

Суу май (раст масло) - 118-125 сом;

Жумуртка 10 даана - 85-90 сом;

Үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом;

Кумшекер - 56-57 сом;

Күрүч - 55-60 сом;

Алма - 30-50 сом;

Сабиз - 10-12 сом;

Картөшкө - 23-30 сом;

Пияз - 15-16 сом.

Жарманкеге катышууну каалагандар үчүн байланыш номерлери: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49.

Тэги: жарманке

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу