Аскаров: «Бизнес мамлекет менен активдүү кызматташуусу зарыл»

02.09.2019, 09:07 Акчабар
Аскаров: «Бизнес мамлекет менен активдүү кызматташуусу зарыл»

Ишкерлер өлкөнүн өнүгүүсү үчүн мамлекет менен активдүү кызматташуусу керек. Бул тууралуу КРдин вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Талас облусунун ишкерлери менен жолугушуу учурунда айтты.

«Бул жылы аймактардагы социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 2 млрд сом бөлүндү. Аталган программанын башка каржы программаларынан  болгон айырмачылыгы катары, анын бизнести өнүктүрүүгө багытталгандыгын айтсак болот.  Тандалып алынган долбоорлор алыскы райондордун жашоочуларынын каржысына мүмкүндүк алууга, жергиликтүү чийки заттарды жана эмгек булактарын колдонууга жана дагы новатордукка жана экспортко багытталган талаптарга жооп берүүсү абзел», - деди, вице-премьер-министр.

Аскаровдун айтуусу боюнча, учурда ишкерлерден долбоорлор кабыл алына баштады. Ал эми, аларга консультация берүү жана кабыл алуу үчүн жер-жерлерге «Гарантийный фонду», «РСК банкы», «Айыл банкы» жана «Орус-Кыргыз  Өнүктүрүү фонду» тарабынан атайын адистер жиберилди. 

«Бизнес ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен кадам сайын жана тынымсыз өнүгүп туруусу зарыл. Талас облусу чет мамлекеттерде дагы суроо-талап көп болгон буурчакты өндүрүп-чыгарганы менен белгилүү. Мына, дал ушул тармакты өнүктүрүү керек. Жөн гана чийки зат түрүндө өндүрбөстөн , «Кыргызстанда жасалган» деген бренд менен толук кандуу даяр продукцияны чыгаруу иштерин жөнгө салуу абзел», - деп, сөзүн жыйынтыктады Замир Аскаров. 

 

Тэги: Замирбек Аскаров бизнес регионы бизнес-проекты экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу