Боронов: Бюджетти толтуруунун кошумча булактарын табууга басым жасалат

17.06.2020, 15:00 Акчабар
Боронов: Бюджетти толтуруунун кошумча булактарын табууга басым жасалат

Бюджетти толтуруунун кошумча булактарын табууну камсыз кылуу маселесине басым жасалат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

 

 

«21-майда Жогорку Кеңеш «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алып бердиңиздер. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 135,3 млрд сом суммасында болжолдонду, же 28,4 млрд сомго азайды. Чыгашалар бөлүгү боюнча, республикалык бюджет 163,0 млрд сомго болжолдонуп, 8,6 млрд сомго азайды. Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматына, Мамлекеттик бажы кызматына, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик мүлк фондуна жана бюджетти толтуруучу тийиштүү органдарга бюджеттик мыйзамдагы кыскартылган пландарды толугу менен аткаруу жана алардын үстүнө кошумча каражаттарды табуу боюнча милдеттер жүктөлөт», - деди Боронов.

 

Андан тышкары Кубатбек Боронов корголгон беренелер боюнча айлык акы, пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык төлөмдөр өз убагында толугу менен каржыланарын кошумчалады.

Тэги: бюджет кошумча булактар премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу