Кытайдын интернет-гигант Alibaba компаниясы 2018-2019 -жылды кирешелүү аяктады. Таза киреше 37% өсүп, $13 млрд жетти.
Бир акциянын таза кирешеси $3.91 пайыздан $4.97 жеткен.
« Alibaba компаниясынын кирешеси жыл ичинде 1.5 эсе жогорулап, $56.152 млрд болгон. Команиянын таза кирешеси IV-кварталда жылдык эсепте 3.4 өсүп, $3.9 млрд жеткен. Кытайда компаниянын кардарлары өсүп 654 млн активдүү керектөөчүгө айланнган», — деп жазат компания.
Alibaba group — Кытайдын ири интернет компаниясы. Джек Ма 1999-жылы Alibaba group негиздеп, ага бир нече туунду интернет-компаниялар жана интернет аянтчалары кирет: Alibaba Pictures, Alibaba.com, AliExpress.com, Taobao.com, Tmall.com.