Улуттук банктын жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн Баткендин «Ишкер» микрокредиттик агенттигинин каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин 2019-жылдын 24-июнунан тартып убактылуу токтотту.
Айта кетчү жагдай, 2004-жылдын 9-августунда уруксат алып, бул ишкана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу аймактык ишкана болчу. Бул микрокаржылоо уюму социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүү, калкты иш менен камсыздоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жумушсуздардын материалдык байлыгын артыруу мааксатында уюшулган.