Ушул жылдын 11-майында өткөрүлгөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын 7, 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 4,80%, 5,70% жана 5,85% түздү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Эске салсак, ноталарды чогуу жайгаштыруунун пландалган көлөмү 3,2 млрд сом. Каражаттардын көпчүлүгүн 28 күндүк ноталарды жайгаштыруу жолу менен чогултуу пландаштырылууда.
Жети күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,13% га, 14 күндүк ноталар 0,04%, 28 күндүк ноталар 0,16% жогорулагандыгын кошумчалайбыз.