ЕАЭБде 2018-жылга чейин сом менен бир дагы өз ара төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес

26.05.2020, 10:35 Акчабар
ЕАЭБде 2018-жылга чейин сом менен бир дагы өз ара төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес

Евразия экономикалык бирлигиндеги мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Орусия рублу менен өз ара төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Рубль - бардык өз ара эсептешүүлөрдүн 72,4% түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирди. 

 

2018-жылга салыштырмалуу рублдун үлүшү 0.3% төмөндөгөн. АКШ доллары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү жалпы көлөмдөн - 19.4%, евро - 6.6%  түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, 2013-жылдан тарта рубль менен эсептешүүнүн көлөмү 10.6% жогорулаган, ошол эле учурда америкалык валюта менен өз ара төлөмдөрдүн жугүртүү көлөмү - 10.9% төмөндөгөн. 

Белгилей кетүүчү нерсе, башка улуттук валютадагы эсептешүүлөрдүн көлөмү 1.5% (2018-жылы 1.2%) түзгөн. Муну менен катар 2018-жылга чейин сом менен такыр төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес, 2018-19-жылдары жалпы көлөмдүн ичинен сом менен соодалашунун абалы болгону 0.1% гана түзгөн. 

Тэги: ЕАЭБ сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу