Европа биримдиги Тажикстанга 48 миллион евро бөлөт

14.04.2020, 16:30 Акчабар
Европа биримдиги Тажикстанга 48 миллион евро бөлөт

Европа биримдиги (ЕБ) коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Тажикстанга 48 миллион евро өлчөмүндө жардам берүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу 13-апрелде ЕБдин Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Жозефсон өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолукканда билдирди.

Евробиримдиктен тышкары Тажикстанга Эл аралык валюта фонду да жардам бермей болду. 13-апрелде уюмдун башчысы Кристалина Георгиева фонддун хартиясына кол койгон 25 жакыр өлкөнүн, анын ичинде Тажикстандын коронавируска каршы күрөштөгү түйшүгүн жеңилдетүү үчүн көмөк көрсөтүлөрүн билдирди. Анын айтымында, бул максатта фонд 500 миллион доллар бөлөт. Бул каражат жардам ала турган өлкөлөрдүн Эл аралык валюта фондунун алдындагы карыздарынын бир бөлүгүн жабууга жумшалат. Георгиева фонд Тажикстанга канча акча бөлө турганын айткан жок. Бүгүнкү күндө Душанбенин бул эл аралык каржы уюмунун алдындагы карызы 30 миллон долларды түзөт.

Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин айтып, бирок пандемиянын жайылуу ыктымалдыгынан улам жарала турган тобокелдиктерди азайтуу үчүн бир нече эл аралык каржы уюмуна жардам сурап кайрылганын билдирген.

Буга чейин өлкөгө Германия 1 миллион евро, Азия өнүктүрүү банкы 100 миң доллар, Дүйнөлүк банк 11,3 миллион доллар, АКШ 866 миң доллар бөлгөн. Мындан тышкары Россия коронавирусту аныктоочу 20 миң тест системасын, ЮНИСЕФ медицина кызматкерлери үчүн коргонуу каражаттарын берген. Мындан тышкары Душанбеге Өзбекстан менен Казакстан да гуманитардык жардам жөнөткөн.

Тэги: Европа биримдиги коронавирус Тажикстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу