Словакия менен Кыргызстандын экспорту €2.4 млн

17.05.2019, 09:48 Акчабар
Словакия менен Кыргызстандын экспорту  €2.4 млн

2017-жылы Кыргызстан менен Словакииянын ортосундагы соода жогору болгон жокек. Болгону  €1 млн. Бул тууралуу  «Акчабарга» Бишкектеги кыргыз-словакия бизнес-форумунда Словакция элчисинин экономика боюнча кенешчиси Ян Галоци билдирди.

Анын  айтымында 2018-жылы Словакия экспорту €700  миңден €2.4 млн  словак компанияларынын активдүүлүгү  менен жогорулаткан. Учурда алар Кыргызстандагы  инфраструктурага  салым кошууда. 

«Бүгүн биз – Chirana компаниясын алып келдик. Ал жогорку технологиядагы медициналык жабдыктар. Chirana көп жылдан бери Казахстандын рыногунда иштеп, учурда кыргыз рыногуна кирүүгө аракет жасоодо. Бул эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтмөк. Ошону менен катар биз, кыргыз ишкерлерин Словакияга экспорт жасоого чакырабыз», – деп билдирди Ян Галоци.

Учурда Словакия   биздин республикага гигинеикалык каражаттар менен электр жабдыктарын экспортошууда. Кыргызстан аларга жер-жемиш, кургатылган  кактарды  жана текстиль ташууда.  

«Былтыр кыргыз экспорту €243 миң  каражатка жеткен. Бирок, Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү  биздин рынокто чоң. Анткени, табыгый азыктарга суроо талап жогору», – деп белгиледи элчинин кеңешчиси 

Тэги: Словакия Кыргызстан товарооборот экономика бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу