Enactus-2019: FINCA банкы ишкерлерди колдойт

04.06.2019, 17:00 Өнөктөштүк макаласы
Enactus-2019: FINCA банкы ишкерлерди колдойт

Бишкекте Enactus Kyrgyzstan-2019 улуттук мелдеш аяктады. Анын алкагында  жаш лидерлер аныкталды. Жаштар өлкөнү өзгөртөт.

Мелдешке мыкты студенттердин командалары катышып, ишкерлик чебечиликтери менен таймашты. 

FINCA Банкы четте карап турбастан жигердүү жаштарды колдоду. Анткени банктын  башкы вазийпасы өлкөнү өнүгүүгө өзгөртүү киргизүү. FINCA Банкы – келечектүү долбоорлорго, айрыкча жумуш орундарын түзүп, жашоо деңгээлин жогорулаткан активдүү  демилгелерди колдойт. 

«Биздин өлкөдө канчалаган кызыктуу жана пайдалуу долбоорлор ишке ашып жатканын көрүп, кубандык. Сиздердин долбоорлор Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган. Сиздердин аракеттер аркылуу мамлекетте жаңы жумушчу орундар түзүлүүдө. Албетте, бүгун мыктынын мыктысы тандалат», — деп билдирди Банктын башкармалыгынын орун басары Максат Бегалиев.

Улуттук мелдештин жыйынтыгында Эл аралык Ала Тоо университети жеңүүчү деп таанылды. Вице-жеңүүчү кыргыз-Орус славян университети болсо, үчүнчү байгелүү орунга Борбордук Азиядагы Америка университети илинди. Эми жеңүүчү командалар Кыргызстандын намысын АКШдагы эл аралык таймашта коргомокчу. 

Айтмакчы,  FINCA  банкы дайыма чакан  жана орто бизнести колдоп келген. 1995-жылдагы ишмердигибизден тартып, Кыргызстандын баардык аймактарында социалдык изилдөө жүргүзүп, анда биз өлкөнүн өнүгүшүнө кандай салым жасаганыбызды байкоого алып келебиз. Учурда FINCA  банкы сыймыктануу менен айта кетчүү жагдай, Кыргызстандагы  30%  иш орундары дал ушул FINCA банкынын колдоосу менен ишке ашкан.  

Тэги: Enactus-2019 FINCA Банк Максат Бегалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу