FIS Visa B2B Connect платформасына кошулду

16.05.2019, 09:00 Акчабар
FIS Visa B2B Connect платформасына кошулду

 FIS системасы боюнча банк кардарлары эл аралык корпорациялык компаниялар тез, коопсуз жана ишенимдүү ири суммадагы акчаларды которо алышат. Бул тууралуу Visa системасы билдирүү жасады.

 Visa Inc. компаниясы  менен FIS биригип, коммерциялык ири компаниялардын  операцияларын тез, коопсуз жана ишенимдүү аткаруу үчүн  FIS платформасын Visa B2B Connect системасына кошушуту. Эми Visa B2B Connect  кызматын FIS кардарлары дагы алып,  инновациялык, тез жана ири суммадагы  корпаративдүү төлөмдөрдү ачык-айкын жасоочу система. 

Visa B2B Connect — платформасы  картасыз реестрдин базасында акча которуучу система. Реестрдин базасындагы акча которуу транзакцияга — бир нече жумалык эмес, бир-эки күндүк убакыт жумшалып, тез  аткарылуучу операция. 

FIS өнөктөштүктүн алкагында Visa B2B Connect менен интеграцияланып, жалпы банктардагы кардарларга  FIS менен Visa аркылуу B2B-төлөмүн  кардарга ыңгайлуу болгон катышуучу банк аркылуу жөнөтүп же алса болот. Жаңы система буга чейинки корпоративдик акча которуудагы ортодогу көп баскычтарды жоюуп, жөнөкөй система аркылуу операцияны тездетет. 

«FIS системасы Visa аркылуу ачылган мүмкүнчүлүктөргө кубануу менен кароодо. Анткени, финансы мекмелерине төлөм системасындагы революциялык сервиске кошулуу, —тууралуу Эл аралык банк жана төлөм кызматынын башчысы (FIS Global Financial Solutions) Раджа Гопалакришнан билдирди — Коммерциялык төлөмдөрдогү лидерлик позициядагы жана глобалдык кардарлардын базасына ээ FIS  платформасы менен төлөм системасындагы Visa биригип, өнөктөштүктө бекем пайдубал түптөп, эл аралык коммерциялык төлөм системасын эффективдүү болуусуна шарт түзүүдө».

 Visa Business Solutions компаниясынын глобалдык жетекчиси Кевин Фалендин айтымында, инновациялык чечимдер  В2В-төлөм системасында көптөн бери каралып жаткан маселе болчу. Visa компаниясындагы негизги стратегия катары кардарлар менен өнөктөштөрүнө төлөм системасындагы кызматты жакшыртуу. 

«Биз мындан ары дагы Visa B2B Connect өнүгүшүнө кызыкдарбыз. Мындай  FIS өнөктөштөр аркылуу, биздин транзакциялар элге жеткиликтүү болуп, финансы уюмдары үчүн операциялар ачык-айкын жана ылдамдык дагы жогорулап,  эффективдүүлүк артууда», — деп билдирди Visa Business Solutions компаниясынын өкүлү. 

 Visa B2B Connect  компаниясы менен FIS  банк катышуучуларынын  интеграциясы үчүн атайын модель ойлоп табышты.  Анда буга технологиялык системаны жаңылоону талап кылбайт. Мындай жагдай дүйнөдөгү финансы уюмдарын  бул платформага оңой эле кошулуп, ири чекаралык төлөмдөрүн корпоративдик кардарларынын кызыкчылыгына жараша жүргүзө беришет.  Visa  менен FIS биргеликте глобалдык  коммерциялык төлөмдөрдө тез жана ыңгайлуу  система киргизүүдө. 

Тэги: FIS Visa банки транзакции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу