​Финпол: дарылардын баасын кымбаттатып саткан дагы бир дарыкана аныкталды

17.07.2020, 13:25 Акчабар
​Финпол: дарылардын баасын кымбаттатып саткан дагы бир дарыкана аныкталды

Бишкекте дарылардын баасын кымбаттатып саткан дагы бир дарыкана аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Финполдун кызматкерлери дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды негизсиз кымбаттатууну алдын алууга багытталган иш-чараларды улантууда.

Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүгү боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан дарыканадан "Гепарин" медициналык дарысын сатып алуу жүргүзүлгөн. Кызматкерлер "Гепарин 5000 мл" дарысынын эки ампуласын сатып алган. Дарыканада бир ампуласын 435 сомго саткан, ошол эле учурда бир ампула 300 сомдон ашпоо керек эле.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

«Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы дары-дармектердин кымбаттатып саткан фарм-компания, дарыкана, дары саткан күркөлөрдүн атын мындан ары ачык билдире баштайт. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдан пайдаланып, акча жасоого аракет кылып жаткандарды эл билиши керек», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Бишкек баа кымбат дарыкана Финпол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу