Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 17 миллион сомдон көп акча которулду

15.07.2019, 11:07 Акчабар
Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 17 миллион сомдон көп акча которулду

 Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 17 миллион сомдон көп акча которулду. Бул тууралуу финансы полициясы маалымдады. 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат  бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 17 миллион 311миң 895 сом өлчөмүндө акча которду.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 755 миллион 752 миң 907 сомду түздү.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

 

Тэги: Финполиция госбюджет финансовые нарушения экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу