Кайсыл өлкөдө нанга май сыйпап жеген арзан?

22.04.2019, 16:01 Акчабар
Кайсыл өлкөдө нанга май сыйпап жеген арзан?

Эң арзан уйдун этти Минскде, а тооктун арзан жумурткасы —  Нур-Султанда. Улуттук статком ЕАЭБ  мамлекеттеринин борбор шаарындагы март  айындагы бааларын байкап чыгышкан. 

Ошентип март айында керектөөчү себетке бир килограм уйдун эти, койдун эти, май, сүт, он даана жумурка, 1 сорттогу ундун килограмы, нан жана картөшкө  сатып алуу  үчүн  $30.41 коротушкан. Бишкекте дал ушундай азыктарды 1.8 эсе арзан — $16.44 турса, Нур-Султанда — $18.69, Минскиде — $15.7, бирок Беларустардын себетинде койдун эти кирген эмес.

Улуттук стат комдун маалыматы боюнча майга нанды сүйкөп жегенге Москва кымбат шаар болду. Ал жакта  нормадагы  25 грамм май  30 грамм нанга кетирген каражаттын суммасы  $о.339, же сомго кторсок 23.6 сомдго барабар.

 2019-жылдын мартта Бишкектеги баага салыштырганда  Нур-Султанда 12%  Минск —  16%, уй эти —2.8%, Беларустарда уйдун эти 4.9% кымбат болгон. Ал эми тартта Бишкекте ьтескеринче 1 сорттогу ундун баасы  Нур-Султанга караганда  36.7% , жумуртканын 10 даанасы 19.6% кымбатырак болгон.

Айта кетчүү жагдай, ЕАЭБ кирген мамлекеттер арасында кыргызстанда айлык акы аз экенин дагы эске алалы. «Акчабар»  буга чейин жазгандай, Россияга карагада үч эсе аз, Казахстане менен Беларусиядан эки эсе акча аз аларын эске салабыз. Кыргызстан биримдиктин ичинде эң томөн айлык акы алган өлкө.

Ошентип, кыргызстанда орточо айлык акы  $279.6, Нур-Султанда — $703.7, Москвада — $1 миң 205.4, а Минскиде — $641.7 болду. 

 

Тэги: потребительские цены продукты финансы зарплата ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу