2020-2021-жылдардагы шайлоого Германия жана ПРООН каражат бөлөт

18.05.2020, 15:20 Акчабар
2020-2021-жылдардагы шайлоого Германия жана ПРООН каражат бөлөт

Ушул жылдын 7-майында Бишкекте ПРООН менен Германия элчилиги ортосунда Кыргызстандагы шайлоо процессин жакшыртууну колдоо боюнча долбоорго кол коюлду.

 

2020-2021-жылдарда демократиялык шайлоо процесстерин ѳркүндѳтүү боюнча долбоордун алкагында иш-чараларга кѳмѳктѳшүү жана колдоо үчүн Германия Өкмѳтү тарабынан 500.000 евро бѳлүп берилет.

Макулдашууга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен жана Бишкектеги ПРООНдун атайын өкүлү Луиз Чемберлен кол коюшту.

Бул каражат ПРООН (ББУӨП) ишке ашырып жаткан Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасынын алкагында  берилген. Германиянын жардамы жакында эле Кыргыз Республикасында демократияны жана парламентаризмди ѳнүктүрүү максатында ПРООН (ББУӨП) менен  Япониянын жана Швейцариянын ѳкмѳттѳрү  кол койгон макулдашууга толуктоо болуп саналат.

БШКнын тѳрайымы шайлоо процессин ѳркүндѳтүү боюнча, анын ичинде инклюзивдүүлүктү жогорулатуу, партиялардын жана талапкерлердин  шайлоо фонддорунун каржылык  ачык-айкындыгы, шайлоодогу талаш-тартыштарды кароону жакшыртуу, эркин шайлоо механизмин жакшыртуу  боюнча маанилүү иш-чараларды колдогондугу үчүн Германиянын Өкмѳтүнѳ ыраазычылык билдирди.

Салтанаттын жүрүршүндѳ ФРГнын элчиси Моника Иверсен Кыргызстандагы шайлоо процессин андан ары колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Германиялык тараптын баасы боюнча реформанын биринчи этабы мурда ѳткѳрүлгѳн шайлоо циклдеринин жүрүшүндѳ ѳзүнүн натыйжалуулугун кѳрсѳтѳ алды:

«Германиянын Өкмѳтү андан ары демократиялык ѳнүгүүгѳ жана шайлоо процесстерин ѳркүндѳтүүгѳ багыттлаган Кыргызстандын умтулуусун жогору баалайт. Бардык жарандардын, анын ичинде мигранттардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү, шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындыгы жана шайлоо мыйзамдарын сактоо демократиялык шайлоо процессинин толук кандуулугун камсыз кылуунун маанилүү компоненти болуп саналат».

Ал эми ПРООН тарабынан Луиз Чемберлен айым: 

«Мен шайлоо нормаларын ѳркүндѳтүүдѳгү, ѳзгѳчѳ COVID-19 пандемияга байланыштуу чектѳѳлѳргѳ карабастан шайлоо процесстерин  активдүү ыкчам пландаштыруудагы жана ѳз учурунда даярдык кѳрүүдѳгү кыргыз тараптын ишин   белгилегим келет. Биз Кыргызстандын шайлоо системасына карата мына ушундай ишеним мамилеси үчүн Германиянын  Өкмѳтүнѳ  ѳтѳ ыраазыбыз. ПРООНго ѳзүңүздѳрдүн ѳнѳктѳш катары ишеним кѳрсѳткѳндѳрүңүз биз үчүн чоң сыймык, ошондуктан Кыргызстанда эркин, акыйкат, тынчтык жол менен, атаандаштыктагы жана инклюзивдүү шайлоолорду колдоодо күч-аракеттерди топтоштуруу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүүдѳбүз», – деп белгиледи.

 

Тэги: Шайлоо ПРООН Германия элчилиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу