«Жерүйдөгү» калдыктар сакталуучу жай курулууда

22.07.2019, 16:56 Акчабар
«Жерүйдөгү» калдыктар сакталуучу жай курулууда

   «Жерүйдүн»  калдыктар сактоочу жайы курулууда. Буга байланыштуу 18-июлда  Талас облусундагы Өкмөттүн өкүлү, Талас районунун башчысы, Бекмолдо айылынын депутаттары менен Талас облусунун журналисттери курулуш иштери менен таанышып кайтышты. 

Келген жоон топ делегация калдыктар сакталуучу жайдын курулушу менен таанышты. Азыркы учурда  геомембрана (жер кыртышы менен изолация жасоочу катмар) салынып жатат. Ошондой эле, алтын бөлүчү негизги фабриканын имараты менен таанышып чыгышты.

Талас облусундагы Өкмөттүн өкүлү Марат Мураталиев алтын комбинатын курууда эл аралык стандартарды кармап, экологияны  сактоо бул башкы максат деп билдирди. Мамлекеттик, жергиликтүү бийлик менен катар эл өкүлдөрү жана кен казуучулар  биргелешип маселе чечүүгө чакырды. «Жерүй» Бекмолдо, Талас  жана бүтүндөй Кыргызстандын  кызыкчылыгы үчүн иштеши керек деп билдирди. Губернатор журналисттерди  «Жерүй» маселесин калыс чагылдырып берүүгө  чакырды.

Талас районунун акими курулуш иштери жана экологиялык талаптардын сакталышы тууралуу дайыма элге маалымдап туруу керектигин баса белгиледи.

«Бизди«Жерүйдөгү» экологиялык абал абдан тынчсыздандырат. Эл арасында ушактын тарабшы үчүн дайыма маалыматтар менен камсыздап, жолугушууларды уюштуруп, ушактардын тароосуна жол бербөө зарыл», — деп билдирди ал. 

 «Альянс Алтын» ишканасынын башкы директору Михаил Шубин  компания эл менен ачык иштөөгө дайым даяр экеннин билдирип, баардык талаптарды аткарууга аракет жасап жатканын кошумчалады. Жерүйдө тоо-кен казуу иштери ушул жылдын октябрь айында башталарын кошумчалады. 

 «Альянс Алтындын» адистери депутаттар менен ждурналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алардын айтымында  реагенттер  калдык жайында зыянсыздандырылат. Геомембрана жана Айлампадагы рельеф калдыктардын жер кыртышына кошулбай, экологияга таасир этпейт деп  ишендиришти.  

 ААЕngineering Group  башкы инженери Айзада Мамбеткул кызы курулушта эң жогорку сапаттагы материалдар колдонулуп жатканын билдирди. 

««Жерүй» калдык сактоочу жайынын айрымачылыгы жарым кургак калдыктар сакталат. Негизи бөлүк 20-сантиметрдей куюлуп, андан кийин кум себилет. Андан кийин гана Россияда өндүрүлгөн  экологиялык геотекстиль андан кийин гана Австралияда өндүрүлгөн 2мм геомембрана төшөлүп, кайра геотекстиль салынат. Бул катмардын баардыгы коргоолучу  50 сантиметрлик грунт менен кабатталып, бул технология калдыктарды зыянсыз сактоого болот», — деп билдирди  Айзада Мамбеткул кызы.

Тэги: Джеруй золотоизвлекательная фабрика хвостохранилища горнорудка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу