Индия менен Кыргызстан кош салыктан баш тартты

18.06.2019, 09:45 Акчабар
Индия менен Кыргызстан кош салыктан баш тартты

Индиянын  премьер-министри Нарендр Модинин  Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында Экономика министрлиги бир нече документтерге кол коюп, кош салык алынды. 

Эки тараптуу сүйлөшүүдө кош салыктан баш тартуу чечимине келишти.  Эки мамлекеттин ортосунда  «Кош салыктан баш тартуу жана  киреше салыктарынан качпоо»  тууралуу келишимге кол коюлду. 

Мындан тышкары соода-экономикасы боюнча жол картасы чийилип, КР Экономика министри менен Индиянын соода жана өнөр жай министрлиги  мыйзамдар метрологиясы боюнча кызматташуусу  каралды.

Кошумчалай кетсек,  Бишкекте Кыргыз-Индия бизнес-форуму  Модинин расмий иш сапарына карата уюштурулган. 

«Жогорудагы байланыш Кыргыз-Индия кызматташтыгы үчүн абдан маанилүү», — деп билдирди ведомстводо.

Тэги: Индия Кыргызстан экономика налогообложение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу