Индиядан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

02.06.2020, 10:45 Акчабар
Индиядан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Бүгүн, 2-июнда «Манас» эл аралык аэропортунда «Air India» авиакомпаниясынын кезектеги «Дели-Бишкек-Дели» каттамы боюнча чартердик авиарейсин тосуп алышты, бул каттам Кыргызстандан Индиянын жарандарын чыгарып кетүү үчүн индия тарабы менен уюштурулган, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

 

Маалыматка ылайык, Индия тарабы менен жетишилген макулдашууга ылайык, бул каттам менен 6 КР жараны кайтып келди.

Учурда бардык кайтып келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн иш улантылат.

Тэги: Индия Кыргызстан жарандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу