КМШ өлкөлөр ичинде Кыргызстанга инвестиция 1.6 эсеге азайды

05.09.2019, 13:01 Акчабар
КМШ өлкөлөр ичинде Кыргызстанга инвестиция 1.6 эсеге азайды

Түз инвестициялардын көлөмү КМШ өлкөлөр ичинде 2018-ж биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 1.6 эсеге кыскарган. Россиядан келген инвестиция 1.7 эсеге, Казакстандан келген инвестиция 1.5 эсеге азайган.  Бул тууралуу  КР Улуттук статистика комитети билдирет. 

Ал эми Өзбекстандан келген инвестиция 1.3 эсеге көбөйгөн. 

2019-жылы, өткөн жылга салыштырмалуу түз инвестициялардын көлөмү Ысык-Көл областына 22.1 эсеге, Ош шаарына – 3.4 эсеге, Жалал-Абад областына – 2.2. эсе, Чүй областына – 1.8 эсе көбөйгөн. Ал эми калган областтарга келген инвестициянын саны азайган. 

КМШ өлкөлөрүнөн сырткары келген түз инвестициялардын саны 2018-жылдын, 1 жарым жылдыгына салыштырмалуу 1.8 эсеге көбөйгөн. Канададан өткөн жылга салыштырмалуу 0 8.9 эсеге, Кытайдан – 1.9 эсеге, Нидерландиядан – 1.4 эсеге, Улуу Британиядан – 4.6 эсеге көп инвестиция түшкөн. 

Кыргызстанга келген түз инвестициялардын көлөмү боюнча Кытай – 46.2% менен алдыңкы орунда турат. Башка мамлекеттерден келген инвестиция төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ: Улуу Британия– 16.4%, Канада – 11.2%, Нидерландия– 8% жана Турция– 4.4% . 

Тэги: инвестиции Кыргызстан СНГ экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу