Жука пакеттердин баасын кагаз пакеттердин наркына чейин көтөрүү демилгеси ЖК сунушталды

11.12.2019, 14:30 Акчабар
Жука пакеттердин баасын кагаз пакеттердин наркына чейин көтөрүү демилгеси ЖК сунушталды

Жогорку Кеңеште полимердик жана пластик материалдарынан жасалган таңгактоо пакеттеринен чогулган калдыктардын көлөмүн азайтууга багытталган “КР Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. 

Мыйзам долбоорунун башкы максаты жана милдети өлкөнүн ички рынокторуна полимердик жана пластик пакеттерди сатууда жана импорттоодо аларды утилдештирүү үчүн төлөмдөрдү жана утилдештирүү жыйымдарын жайылтуу аркылуу курчап турган чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимердик жана пластик материалдарынан жасалган таңгактоо пакеттеринен чогулган калдыктардын көлөмүн азайтуу, ошондой эле кагаз пакеттерин колдонууга өтүү болуп саналат.

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, андан кийин «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» мыйзамга жана КР Өкмөтүнүн Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөөнүн тартибине өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш.

Депутат Азамат Арапбаев мыйзам долбоорун колдой турганын белгилөө менен бирге, мыйзам долбоорун экинчи окууда ага пластик жана полимер деген түшүнүктөргө карата товардык позициялардын түрлөрү боюнча так аныктама киргизүү сунушун берди. «Анткени, «полимер» менен «пластиктин» товардык позициялары көп. Эгерде аларга так аныктама бербесек, айрым органдар аларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланышы мүмкүн», - деди ал.

Экономика министринин орун басары Дастан Кадыровдун айтымында, азырынча жука полимердик пакеттерден кутулуу милдети турат. «Азырынча экономикалык чараларды көрүп, импорттолгон жана өндүрүлгөн жука пакеттердин баасын кагаз пакеттердин наркына чейин көтөрүп жатабыз. Мындай чара биопакеттердин колдонулушуна жол ачат. Мисалы, азыр Кытайда полимердик пакеттерди колдонууга таптакыр тыюу салынган. Биз дагы аны карап көрүшүбүз керек», - деди ал.

Ал эми Кожобек Рыспаев, Марлен Маматалиев, Айсулуу Мамашова сындуу бир катар депутаттар полимердик жана пластик пакеттерди колдонууга азыртан эле таптакыр тыюу салуу боюнча сунуш киргизишти.

Белгилей кетсек, Данияда 1994-жылы эле соода түйүндөрүндө полиэтилендик пакеттерди бекер таратууга салык салуу киргизилген. Полиэтиленге төлөм киргизилгенден кийин, анын керектелиши 90 пайызга төмөндөгөн. Германияда болсо, пакеттерди утилдештирүү үчүн керектөөчү акы төлөйт. Ал эми Ирландияда пакеттерге карата баа көтөрүлгөндөн кийин, пакеттерди колдонуунун саны 94 пайызга кыскарган. Азыр ал жерде, кездемеден жасалган, көп жолку баштыктар колдонулат.

Тэги: ЖК пакет кагаз баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу