Жапаров илимдер академиясын жаңылоону убадалады

11.11.2020, 15:15 Акчабар
Жапаров илимдер академиясын жаңылоону убадалады

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясынын техникалык базасын жана башка муктаждыктарын жаңыртууга бюджеттен тышкаркы булактардан 300 миллион сомго жакын каражат бөлүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал академияга барганда айтканын басма сөз кызматы маалымдады.
 


Ал белгилегендей, учурда академия кыйынчылыктарга туш болуп жатат, атап айтканда техникалык жана инструменталдык базаны жаңыртууга каражаттын жетишсиз болууда.



«Биздин коомдун каймактары, интеллигенция көпчүлүк учурда өлкөдөгү социалдык-экономикалык процесстерге катышпайт. Негизги себеби, биринчиден, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, илимпоздорубуз турмуштун кыйынчылыктарын көтөрө албай жатышат. Биз буга чейин көп убакытты жоготконбуз, тилекке каршы, ондогон жылдар бою илимибиз тутумдаштырылган көйгөйлөргө туш болду. Ал эми илим болбосо, экономика дагы, жалпы мамлекет дагы өнүгө албайт», - деди Жапаров.


Ал кошумчалагандай, реформаларды жүргүзүүдө илим биринчи орунда турушу керек, анткени өкмөт экономиканы турукташтыруу боюнча чоң милдеттерди алдына койгон. Бирок жаңы технологияларды жана иштин жаңы ыкмаларын колдонбостон аларды ишке ашыруу мүмкүн эмес.



«Кыргызстан үчүн илимий изилдөөлөрдүн негизги багыты экономика болушу керек. Өлкөнүн алдында саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу, экология, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу ж.б.у.с. олуттуу көйгөйлөр турат. Сиздин милдетиңиз - өлкөнүн потенциалын ишке ашырууга салым кошуу. Илим туура багытта кетсе, мамлекеттик дагы, ишкердик дагы буйруктар көбөйөт. Ошентип, эки тараптын тең кызыкчылыктары канааттандырылат. Илимдер академиясы музей эмес, күчтүү иш-аракеттердин борбору болушу керек», - деди ал.

Тэги: Жапаров илимдер академиясы жаңылоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу