Жапаров: кадыр-баркы бар ак ниет инвесторлорго өзгөчө көңүл бурулат

25.02.2021, 16:33 Акчабар
Жапаров: кадыр-баркы бар ак ниет инвесторлорго өзгөчө көңүл бурулат

Кыргызстан инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө жана аларды коргоого өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-февралда, Москвадагы ири орусиялык ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. 

 

Президент  Кыргызстан кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын, айрыкча, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин билдирди. 

Садыр Жапаров экономиканын артыкчылыктуу багыттары болгон энергетика, тоо-кен, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай өндүрүшү жана туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө эки тараптын тең кызыкдар экендигин айтты.

«Биз үчүн кыргыз-орус мамилелеринин стратегиялык мүнөзүн эске алуу менен, соода-экономикалык жана өндүрүштүк-инвестициялык кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө жаңы дем берүү мурда болуп көрбөгөндөй мааниге ээ. Ири инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун зарылдыгын жакшы түшүнөбүз, бул өз кезегинде чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле өндүрүш тармактарынын байланышын жаңылоого, жаңы өндүрүш ишканаларын түзүүгө жана өндүрүштүк тейлөө циклин арттырууга өбөлгө болот», — деп айтты президент.

 

 

Бул туурасында мамлекет башчысы катары алгачкы Жарлыктарынын бири инвестициялык чөйрөнү, бизнес климатты жана капиталдын эркин кыймылын олуттуу жакшыртуу зарылчылыгына багытталганын белгиледи.

«Жарлыктын негизги учурларынын бири инвестициялык объектилердин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Мыйзамдык деңгээлде инвестициялык долбоорлорду даярдоо, карап чыгуу жана ишке ашыруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар көрүлөт», — деди Садыр Жапаров.

Президент өлкөдөгү белгиленген конституциялык реформалардан кийин жүзөгө ашырылышы мерчемделип жаткан экономикалык мүнөздөгү өзгөрүүлөрдү тизмектеди.

Биринчи кезекте, эл аралык деңгээлде таанылган жана кадыр-баркы бар ак ниет инвесторлорго өзгөчө көңүл бурулуп, ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Экинчиден, долбоорлорго жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.

Үчүнчүдөн, инвесторлор үчүн олуттуу жеңилдиктер, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чаралары каралат.

 

«Бул багытта, Кыргызстандын белгиленген бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экенине ишендиргим келет», — деди президент.

Тэги: Садыр Жапаров инвестор ишкер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу