«iGov» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алса болот

05.06.2020, 17:00 Акчабар
«iGov» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алса болот

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Акын Мамбеталиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

 

Жолугушууда Акын Мамбеталиев берген маалыматка ылайык,«iGov» мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, ишке киргизилип жатат. Анын жардамы менен жарандар алыстатылган идентификациялоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ала алышат.

Бул тиркемеде электрондук документтер — айдоочулук күбөлүк, автоунаа техпаспорту, ID-карта камтылат. Анын жардамы менен жарандарда «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында өзүн идентификациялоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине санарип форматындагы документин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Ошондой эле паспорт, жарандык абалдын актыларын жазуу (нике), банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөр камтылат. Андан сырткары, 2020 - жылдын аягына чейин Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарында беш жаңы Калкты тейлөө борборун (КТБ) ачуу пландалып жатат. 

Бишкек шаарында эки АвтоКТБ ачуу болжолдонууда, биринчисин 2020-жылдын июль айынын соңунда, экинчисин жылдын аягына чейин ачуу пландаштырылып жатат.

Ошондой эле ал ушундай АвтоКТБларды жыл ичинде Талас, Каракол жана Чүй облусунун Жайыл районуна ачуу пландары тууралуу маалымдады.

 

Тэги: МКК төрага Акын Мамбеталиев президент Сооронбай Жээнбеков тиркеме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу