ЖК комитети шайлоо босогосун 9дан 7%га чейин төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду

02.06.2020, 15:35 Акчабар
ЖК комитети шайлоо босогосун 9дан 7%га чейин төмөндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду

Бүгүн, 2-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Президент жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери, депутаттар Мамытов Т.Т., Бакиров О.М., Турсунбаев А.А., Нурматов К.С., Сулайманов А.Т., Тулендыбаев П.Р., Самат Гульнара-Клара, Маматалиев М.А., Маннанов И.А., Сыдыгалиев Н.О., Тагаев Э.С., Туманбаева Р.М., Ормонов У.З., Баймуратов К.Ш., Кыдыралиев У.Т., Турусбеков Б.С., Бакиров М.И., Дюшалиев А.К., Жамалдинов З.И., Мамашова А.Т., Иманалиев К.К.

Мыйзам долбоору «КР Президентин жана  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 64-беренесине өзгөртүү киргизүүгө багытталган. Тагыраагы, Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүүсү үчүн шайлоо тоскоолдугун 9дан 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталууда.

Жыйында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков аталган мыйзам долбоору боюнча депутаттар Дастан Бекешевден, Марлен Маматалиевден, Нурбек Сыдыгалиевден, Тазабек Икрамовдон жана Улугбек Ормоновдон сунуш-пикирлер келип түшкөнүн маалымдады.

Ага ылайык комитетте ар бир сунуш өз-өзүнчө каралды. Алсак, депутат Дастан Бекешев менен Марлен Маматалиев шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн 5 млн. сомдон 1 млн. сомго чейин азайтууну сунушташкан. Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоо күрөөсүн 10 млн. сомго чейин көбөйтүүнү демилгелеп: “Шайлоо күрөөсү кайтарымсыз түрдө, бюджетте калышы керек”, – деп кошумчалады.

Депутат Тазабек Икрамов болсо “Коррупция” беренеси боюнча соттолгондорду парламенттик шайлоого катышууга тыюу салууну сунуштап, бул норма жакын туугандарына да жайылтылышы керектигине токтолду.

Ошондой эле депутат Улугбек Ормонов шайлоонун жыйынтыгына жараша саясий партиялардын съездин эки күн аралыгында депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү маселесин чечүүгө милдеттендирген сунушту берди.

Талкуунун жыйынтыгында тармактык комитет айтылган сунуштар мыйзамдын концепциясынан тышкары экенин эске алуу менен өз чечимин чыгарды. “Мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун 9дан 7%га төмөндөтүү гана каралган”, – деди комитет төрагасы.

Мындан тышкары, комитет мүчөлөрү Тазабек Икрамов менен Улугбек Ормоновдун сунушун башка мыйзам долбоору аркылуу карап чыгуу зарылчылыгын белгилешти.

Тэги: ЖК комитети шайлоо босогосу 9дан 7%

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу