Нарын эркин экономикалык аймак (СЭЗ) жана «Ат-Башы» Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы биргелешкен «Өнөр-жай, соода-сатык жана логистикалык борбор» проектисин Нарын областынын Ат-Башы районуна ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдайт.
Проектини ишке ашыруунун башкы максаты:
- Нарын областынын социалдык-экономикалык абалын жана жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртуу максатында;
- Европа менен Азияны бириктирген эл аралык деңгээлдеги жүк ташуу коридорун камсыз кылуу жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү;
- Бажы жана чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү менен бирге эле Торугарт текшерүү пунктундагы автоунааларды өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү;
- Кайра иштетип чыгуучу айыл-чарбадагы азык-түлүк жана өнөр жай тармагындагы товар экспортун өнүктүрүү;
- Туризм тармагын өнүктүрүү;
- Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн жол кыймылынын көлөмүн өстүрүү менен бюджеттин кирешелерин көбөйтүү;
Проектини ишке ашыруу товарды жеткирүүдөөгү жана каттоодогу чыгашалардын санын кыскартат жана өлкөнүн транзиттик потенциалын көтөрөт, андан сырткары, Нарын областы менен Ат-Башы районун иш орундар менен камсыз кылуу аркылуу жана кошумча салык төлөө менен экономикалык абалын көтөөрүүгө шарт түзөт.
Тэги: Китай Кыргызстан логистический центр экономика СЭЗ Нарын нарынская область