Кыргызстан менен Швейцария финансы-банк тармагында кызматташат

28.05.2019, 15:10 Акчабар
Кыргызстан менен Швейцария финансы-банк тармагында кызматташат

2019-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вероник Ульманнды кабыл алды. 

 Маектин жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин Швейцария Конфедерациясына пландалып жаткан расмий сапарын талкуулашты.

Ошондой эле эки тарап финансы-банк, соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө биргелешкен умтулуусун тастыктап, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылчылыгын белгилешти.

Министр Ч.Айдарбеков Швейцария Конфедерациясынын Экономика министрлигинин алдындагы Швейцария Конфедерациясынын экономика боюнча Мамлекеттик катчылыгы (SECO) жана  Швейцария  Конфедерациясынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы өнүгүү жана кызматташуу боюнча Швейцария башкармалыгы (SDC) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жогорку натыйжалуулугун белгиледи.

Тэги: Швейцария Кыргызстан банки сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу