Июлда бюджетин кассалык чыгашасы 10,5 млрд сомду түздү

06.08.2019, 09:03 Акчабар
Июлда бюджетин кассалык чыгашасы 10,5 млрд сомду түздү

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2019-жылдын июль айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 10 млрд 524 млн 190 миң сом суммасында жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу КР финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Анын ичинен бюджеттик уюмдарда иштегендердин маянасына – 2 млрд 307 млн 822,1 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 842 млн 61,3 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө – 4 млн 24,3 миң сом бөлүндү.

Андан тышкары товарларды жана кызматтарды пайдаланууга – 552 млн 501,7 миң сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга – 116 млн 434,3 миң сом, коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөгө – 65 млн 397,9 миң сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1 млрд 970 млн 186,4 миң сом каражат жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.

Тэги: бюджет расходы ведомства

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу