Насыя алгандар 90 күндүн ичинде карызын төлөбөсө "кара тизмеге" кирет

09.04.2019, 14:48 Акчабар
Насыя алгандар 90 күндүн ичинде карызын төлөбөсө  "кара тизмеге" кирет

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов  насыянын карыздарын төлөбөгөндөрдү  дароо  «кара тизмеге»  киргизбей 90 күндүн ичинде төлөөнү сунуштоодо. Ал бул тууралуу бүгүн Бишкекте КР айрым мыйзамдык ченемдик актыларына өзгөртүү киргизүү  боюнча коомдук талкууда билдирди. 

Бүгүн «Кредиттик маалыматтарды алмашуу»  боюнча талкуу жүрүп, ага финансы рыногун жөнгө салуучу Улуттук банктан тартып, баардык коммерциялык банктар, микрофинансалык уюмдар, кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты. Эскерте кетели, мыйзам долбоору  буга чейин Жогорку Кеңештин сайтында жарыялангандыктан, буга тиешелүү  финансы институттары ага комментарий, сунуштарын беришип, бүгүн аны талкуулоо аркылуу макулдашууга келишти. 

Алсак, учурдагы мыйзамга эми кардарлар тууралуу позитивдүү жана негативдүү  кредиттик тарыхты киргизүү сунушталууда. Буга баардык эле финансы институттары  каршы эмес. Анткени, насыя алуучулардын тарыхын каттоо алардын финансалык жоопкерчилигин жогорулатат.

«Насыяны убагында төлөбөгөн кардарлар тууралуу маалыматтарды  топтоп, алмашып туруу же бирдиктүү  база түзүү бул автоматтык түрдө жасалууга тийиш. Кара тизмеге киргизүү  кардардын макулдугу жок эле жасалышы керек. Ал эми  позитивдүү кредиттик тарыхы бар адамдар өз маалыматтарын жашырбайт го деген ойдомун деп  билдирди»- «Ишеним»  кредиттик бюросунун өкүлү Жумакан Бакирова

Талкуу  маалында баардык катышуучулар «Позитивдүү» жана «Негативдүү» кардарлардын тизмесин түзүүгө макул болушту. Мыйзам долбоорун демилгелеген Дастан Бекешов кардарларды кара тизмеге киргизүүнү дароо жасабай, ага 90 күн узартууну сунуштады.

«Бизге көп жарандар аз эле сумма үчүн же  насыяны аз убакыт кечиктиргени үчүн эле кара тизмеге кирип, насыя ала албай жатышкандыгын көп айтышууда. Ошондуктан, кардарларды кара тизмеге дароо киргизбестен, 90 күн  аралыгында төлөшүн күтүп,  анан базага киргизилсе кандай болоор эле» –деп финансы адистери менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов акылдашты.

Талкуунун жыйынтыгында  мындай жеңилдик айрым адамдардын жоопкерчилиги жок, убагында кредит төлөбөй коюууга алып келбейби деп чоочулатты. Бирок, депутат кардарлар дароо  кара тизмеге кирбесе дагы  алган кредиттерин убагынан кечиктирсе, ал тууралуу маалымат көпкө  сакталып,  келечегине тоскоолдук жаратарын түшүндүрүүгө  финансы кызматкерлерин чакырды.

Карызды төлөбөгөн кардарлар менен  катар, эми дайыма өз убагында төлөм жасаган адамдар тууралуу дагы маалыматтар чогултулуп турат. Анткени, финансы адистери үчүн кардарлардын финансалык тарыхын билүү маанилүү. Эгерде негативдүү  маалыматты  учурдагы 7 жылдан 5 жылга кыскартуу сунушталып жатса,  позитивдүү маалыматтарды тескеринче узак убакыт 10 жылга чейин сактоо  сунушталды. 

 «Кардардын финансалык позитивдүү  тарыхын узак убакытка сактоо зарыл. Анткени, эч кандай маалыматы жок кардар менен иштешүү биз үчүн белгисиздик, табышмак жаратууда»-деп билдирди «Элет Капитал»  МФК башкы директору Эрнист Камчыбеков

Тэги: банки кредиты Дастан Бекешев кредитная история

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу