IT-стартап. Багелик фонду– $80 миң

15.05.2019, 09:00 Акчабар
IT-стартап.  Багелик фонду– $80 миң

DAR IT-компаниясы  IT-стартап сынагын жарыялап, анын байгелик фонду  $80 миң доллар коюлду. Ал эки баскычта: коммерциялык долбоорлор (логистика, финтех, камсыздоо, ритейл, e-commerce жана  фармакология) ошону менен катар социалдык (айыл жана шаарларды жакшыртуу, ден соолукту чыңдоо, экология жана жаратылышты коргоо).

сынак кимдер үчүн?

 IT-командалар, стартапка өз долбоорлорун баштоону каалаган Казахстан, Кыргызстан менен Өзбекистандын студенттери  катыша алат. 

«Бул профессионалдар менен жаңы баштаган IT- адистери үчүн  жакшы аянча. Алар инновациялык ойлоп табуулары менен эксперттик баа ала алышат.  Ал эми алдынкы адистер үчүн  бул IT-долбоор – аркылуу  коммерциялык долбоорлорго $10 миңден, социалдык багыттарга  $25 миң  инвестиция алууга жана Darlab.asia  акселератор резиденти болууга шарт түзөт», – деп билдирет IT-компаниядан. 

Сынакка катышууга эмне керек?

  •  Онлайн- арызды бул сайта толтурса болот;
  • технологиялар боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу.

Арыздар 2019-жылы 29-майга чейин  Нур-Султандын убакытыс  боюнча саат 18.00 чейин кабыл алынат. Тандоо комиссиясы 2-июндан кеч эмес убакытта арыздарды карап чыгып, чечими тууралуу жарыялайт.  

Арыздар кандай критерийлер менен каралат?

«Баардык арыздар дыкат каралып, төмөндөгү талаптар боюнча тандоо жасалат: өзгөчө жана чыгармачылык менен берилген идеялар,  стек технология, инновация киригизүү, социалдык мааниге ээ, команданын толук болушу,  прототиптин болусу шарт, codereview  менен окутуу», – деп белгиледи компанияда. 

Арыздар төмөндөгүдөй багыттарды камтышы керек:

  • Долбоордун максаты;
  • Маселени чечүү жолу;
  • Жакшы жагдайга өзгөртүү;
  • Атаандаштык чөйрөсү;
  • Командасы тууралуу жазуу;
  •  DAR lab кандай колдоо зарыл.

Андан ары эмне болот?

Эгерден тандоо турунан командаңыз  менен долбоор жактырылса, анда Darlab.asia  Алма-Ата шаарында окууга барышат. Эң мыкты долбоорлор инвестиция алышат. Баардык суроолор боюнча nmusalievsa@dar.kz и aaituov@dar.kz. кайрылыңыздар. 

Тэги: IT-стартап IT-технологии конкурс бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу