Кубанчбек Кулматов менен Албек Ибраимовду январга чейин камакка калтыруу чечими чыкты

04.11.2019, 15:45 Акчабар
Кубанчбек Кулматов менен Албек Ибраимовду январга чейин камакка калтыруу чечими чыкты

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда.

Буга чейин айыптоочулар мурунку мэрлердин баш коргоо чарасын карап чыгуу тууралуу билдирүү жасашкан. Прокурорлор кармоо мөөнөтүн узартууну, жактоочулар үй камагына чыгарууну суранышууда.

Жыйын залынан чыккан судья айыпталуучуларды 6-январга чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин билдирди.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов соттун чечимин угууга катышкан жок. Албек Ибраимовдун айтымында, анын ичи ооруп жатат.

Эске салсак, мурунку шаар башчыларына жемкорлук айыбы тагылууда. «Албек Ибраимов мэр болуп турган кезинде 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алган. Бул каражат «Дастан Инжиниринг» компаниясынын кассасынан чыгарылган», -деп билдирген Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Кубанычбек Кулматовго былтыр 18-май күнү «жемкорлук» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айыбы 21-майда угузулган. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылууда.

 

Тэги: Кубанычбек Кулматов Албек Ибраимов экс-мэрлер жемкорлук абак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу