Кыргызстан импорттук кумшекерден баш тартышы керек

31.05.2019, 12:27 Акчабар
Кыргызстан импорттук кумшекерден баш тартышы керек

Бүгүн Бишкекте «Чакан бизнес-ийгиликке бирге»-аттуу Инвестициялык форумду ЕРӨБ уюштурду. Анда өндүрүштөгү жетишкен ийгилиги үчүн «Каинды-Кант»   ишканасы атайын сыйлыкка ээ болду. 

Кыргызстандын 300 ашык чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, потенциалдуу инвесторлор менен финансы эксперттери Республиканын борборунда чогулуп, анда чакан жана орто бизнеске инвестиция тартуу, ата мекендик бизнести каржылоонун жеткиликтүү болушун талкууга алышты. 

Иш-чаранын алкагында насыялоодо жетишкен ийгилиги жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасындагы финансы мекемелерин, бизнес  өкүлдөрүн сыйлоо аземи болду. Анда «Каинды-Кант» ишанасынын директору 
Александр Шалютеге сыйлык тапшырылды. Анткени, акыркы төрт жылдын ичинде завод өндүрүштү 40% жогорулатып, чыгашалуу компаниядан ийгиликке карай бара жатышат.  2016-жылы «Каинды-Кант» бир орунда гана турган. Анда болгону  170-180 тонна кант кызылчасы өндүрүлүп келген. 2018-жылдан бери Европа реконструкция өнүктүрүү  банкынын жардамы менен гана заводдго жаңы дем берилди. 

«Биздин завод 2014-жылдан бери ЕРӨБ менен тыгыз иштешип келебиз. Алар биздин өндүрүштүн өнүгүшүү үчүн техникалык жана финансалык колдоо көрсөттү. 2016-жылы чийки затты иштетүүдө төрт эсе жогорулатып, 2018-жылы өндүрүш  30-40 жогорулап, продукциябызды арзанта алдык», – деп билдирди ишкананын директору  Шалюта.

ЕРӨБ «Каинды-Кант» ААК  ишканасына насыя катары  €600 мин берип, ал жаңы италиялык  жабдууларды сатып алган. Андан тышкары завод Европа банкынан грант катары  $166 миң өндүрүштүү өнүктүрүүгө алган. 

«Биз келечекте өндүруштүү көлөмун көбөйтүү үчүн 1 млн тонна кумшекер өндүрүүнү максат кылып жатабыз. Былтыр өз продукциябыз менен өлкөнү толук камсыздадык. Бирок, импортолуп келген чет элдик кумшекерлер ата мекендик өндүрүшкө терс таасир этүүдө»,  деп пикири менен  «Каинды-Кант» заводунун директору бөлүштү. 

Тэги: импорт сахар ЕБРР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу