Абылгазиев: Кыргызстан ЕАЭБке кошулуу менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болду

29.08.2019, 09:05 Акчабар
Абылгазиев: Кыргызстан ЕАЭБке кошулуу менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болду

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын төрт жылдын аралыгында ЕАЭБке интеграцияланышынын жыйынтыктарын талкуулап жаткан учурда билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары экономикалык жана социалдык өңүттөн алып караганда белгилүү бир артыкчылыкка ээ болду.

«Эң башкысы – бул капиталдын, адамдардын жана товарлардын эркин жүрүшү. Албетте маселелер дагы болбой койбойт, бирок оң натыйжалар көп. Биздин негизги максатыбыз кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкерлер менен атаандаш болуусу үчүн ар кыл багыттагы мүмкүнчүлүктөрү болуш керек», – деди өкмөт башчы.

Премьер-министр учурда салыктык башкарууда бир топ маселелер бар деп кошумчалады. Анын айтымында, бул маселелер фискализацияны ишке киргизүү менен чечилет.

Тэги: Кыргызстан ЕАЭС экономика фискальная политика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу