Кыргызстан Иран менен транспорттук-транзиттик коридорду өнүктүрүү талкууга алынды

06.05.2019, 13:43 Акчабар
Кыргызстан Иран менен транспорттук-транзиттик коридорду өнүктүрүү талкууга алынды

Тегеран шаарында  4-майда Кыргызстандын  Тышкы Иштер министринин биринчи орун басары   Нуран Ниязалиева Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Джавад Зариф,  ошондой эле жол, шаар куруу министри Мохаммад Эслами  менен жолугушуп, транспорттук-транзиттик коридор тууралуу сүйлөштү. 

«Жолугушуу маалында эки тарап учурдагы жана келечектеги кызматташтыктын келечгеи тууралуу сүйлоштү. кыргыз-иран кызматташытыгы, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, эл аралык уюмдар аркылуу байланышты бекемдөө каралды. Ошондой эле, 12-чи кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык  биргелешкен комиссиясын уюштуруу талкууга алынды», — деп билдирди ТИМ. 

Кыргыз делегациясынын башчысы  Нуран Ниязалиев  Иран аркылуу транзиттик территория аркылуу жүк ташууга жагымдуу шарт түзүү жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен соода байланышы үчүн транзиттик-транспорттук коридорду өнүктүрүү  тууралуу сөз болду. 

Эки тарап Кыргыз Иран соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык күчөөрүнө ишенээрин белгилеп кетишти. 

Тэги: экономика внешняя торговля Кыргызстан Иран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу