ООН астындагы эл аралык изилдөөчү “Туруктуу өнүктүрүүнүн чечүүчү тармактары” долбоору 2019 – жылдын дүйнөдөгү бактылуу өлкөлөрүнүн саны боюнча доклад жасады.
Андагы алынган маалыматтарга таянсак, Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн катарында 5. 261 упай алып, 86 – орунду ээлейт. Ал эми 85 – орунда Нигерия турат жана 87 – орунду Түркменистан ээлейт.
Өлкөнүн 86 – орунда турушунун негизги себеби, бир адамга туура келген ИДП (ички дүң продукт) көлөмү жана жашоо мөөнөтүнүн кыскалыгы болгон.
ЕАЭС мамлекеттер ичинен Казакстан 60 – оурнуду ээлеген, Россия – 68 орунда, Беларусия – 81. Рейтингди жыйынтыгы менен айтканда, эң бактысыз адамдар ЕАЭС мамлекеттер ичинен 116 – орундагы Армения өлкөсү болуп чыккан.
Эң бактылуу жашоочуларга Финляндиянын эли кирди. Эске сала кетсек, Финляндия өткөн жылдын жыйынтыгы менен дагы алдыңкы орунда турган. Андан сырткары, топ-5 бактылуу өлкөлөрдүн катарына Дания, Норвегия, Исландия жана Нидерландия кирген. Рейтингде 156 өлкө бар.
Бул тизменин акыркы санында – Түштүк Судан, Борбордук Африка Республикасы жана Афганистан турат.
Аталган рейтинг бир адамга туура келген ИДП көлөмүн, социалдык колдоо абалын, жашоо узактыгын жана коррупция деңгээлин эсепке алып, 10 баллдык чен-өлчөм менен эсептейт.