Кыргызстандын сырткы карызы 4,5 млрд долларды түзөт, анын 2,5 млрд доллары жолдорго сарпталган

19.02.2020, 09:00 Акчабар
Кыргызстандын сырткы карызы 4,5 млрд долларды түзөт, анын 2,5 млрд доллары жолдорго сарпталган

2020-жылдын 18-февралында Жогорку  Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитети «КР кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына  (КР бузуулар кодекси, КР «Автоунаа жолдору жөнүндө» мыйамына)   өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиевдин айтымында, демилге коррупциядык схемалар жана паракорчулук менен күрөшүүгө багытталган. Мыйзам долбоору өлкөнүн жолдорун сактап, аларды оңдоого кайра-кайра насыя албоону көздөйт деп билдирди ал.

Аталган мыйзам долбоор автоунаа жолдорун сактап, транспорттук көзөмөл пунктарындагы адамдык факторун габариттик салмакты текшерүү көзөмөлүн автоматташтыруу аркылуу жоюууга жана транспорттук көзөмөл пункттарындагы коррупцияны жок кылууга багытталган.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын сырткы карызы 4,5 млрд долларды түзөт, анын 2,5 млрд доллары жолдорго сарпталган. Ага карабастан Бишкек-Ош жолу аягына чейин бүтүрүлө элек, ал эми курулган жолдор эмитен эле бузула баштады», - деп билдирди эл өкүлү.

Негизги себеп - сапат, экинчиси - авто унаалар коюлган жүктөмдү сактабагандыктан, жолдор бузулууда, деди М. Маматалиев.

«Мен жеринде болдум. Өкмөттүн  ар бир транспорт үчүн коюлган жүктөмдүк сызык тууралуу токтому бар жана андан ашкандарга айып пул салуу керек. Алар салмактык көзөмөлдү сөзсүз түрдө өтүүсү зарыл. Кээ бир учурларда унаалар ал текшерүүнү өтпөй калгандыгын мен өз көзүм менен көрдүм. Өткөн күндө дагы ага тиешелүү көп суроолор бар, биз протокол түздүк. Протоколду бир нече жолу салмакка түшүп жатып түзө алган жокпуз, үчүнчү жолкусунда гана ишке ашты.

Ал жерде кандай система орногондугун билесиздер. Керек болсо, салмакка тартпай өткөрүп жиберишет»,- деди эл өкүлү.

Андан соң депутат мыйзам долбоору эмнени сунуштап жаткандыгын айтып берди.

«Биринчи кезекте аны МАИ менен салыштырууга болот - баардыгын жарандар чечет, айып пул протоколдорун түзүшөт, таразага тургузушат. Эмне үчүн биз аны «Коопсуз шаардын» мисалында автоматташтыра албайбыз?

Авто унаа таразага тартылат, андан ары токтобостон кете берет. Андай атайын таразалар Транспорт министрлигинде бар, аларды «Бетомонт» ишканасы орноткон. Качан унаа өтүп бара жатканда анын салмагы аныкталат жана ал таблодон  көрүнүп турушун сунуштайбыз. Мисалы, айдоочу кетип бара жатканда ага «Урматтуу айдоочу, сиздин салмак коюлган ченемден жогору. Эгерде токтобосоңуз, сизге айып пул салынат» деген жазуу пайда болушун.

Бузуулар тууралуу Кодексине биз айып пулдун өлчөмү көп болушу үчүн 100 сом өлчөмүндөгү 9-категорияны сунуштаганбыз. Биз айдоочулар айып пулду бир жолу төлөөгө аргасыз болгондон кийин экинчи жолу мыйзамды бузбаганга аркет кылышн каалаганбыз, бирок өкмөт каршы болуп, ченемге ылайык айып пул коюуну өтүндү. Биз макул болуп, баардыгын эсептеп чыктык, 55 миң сом чыгат экен. «Бакыт каттары» үйлөргө келип турат, жарандар эч нерсени чече албай калышат. Кайсы ишкер же жаран болбосун, бизге, Кыргызстанга – жолдор керек экендигин түшүнөт. Алар өздөрү дагы бизге жолдор керек деп айтып жатышат. Демек, шарт пайда болуп жатканда, аны колдонуп калуу керек.

Буга байланыштуу башкы максат - системаны автоматташтыруу - эгерде аны «Коопсуз шаарга» кошо алсак, ал өз максатына жеткен болуп эсептелет.

Транспорт министрлигин мындай тутуму бар, программалык камсыздоосу дагы бар. Ал министрликте тургандыгы бираз туура эмес. Жакында кармалган жарандар тууралуу, алар канчалык деңгээлде күнөлүү же күнөөсүз экендигин айтпай эле коеюн. Бирок бул дагы кандай гана жетекчи болгон күндө түрткү берет.

Ошондуктан биз бардыгы системалаштырылып, адамдык фактор жоюлуп, эреже бузган жарандарга каттар келип турушун жана баардык унаа түрлөрү эч кандай көмүскөсү жок салмактан өтүп турушун сунуштап жатабыз»,- деп билдирди М. Маматалиев.

Мыйзам демилгечилери өкмттүн эскертүүлөрүнүн 90 пайызы менен макул болуп, бир нерсеге каршы чыгышты- өкмөт система Транспорт министрлигиндн калышын  каалоодо.

«Демилгечилер аталган системаны «Коопсуз шаарга» туташтыруу керек экендигин айтышууда»,-деди эл өкүлү.

«Жакында эле министрдин өзү менен жоолуктум, ал баардык иштер туура нукта жүрүп жаткандыгын белгилеп, системаны «Коопсуз шаарга» кошуу тууралуу буйрук бергендигин айтты»,-деди ал.

Мыйзам долбоору жөнгө салуу таасиринен өттү жана баардык эскертүүлөр оңдолду, жогоруда айтылган маселе гана калды деп билдирди М. Маматалиев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеңештин депутаттары Маматалиев М. А., Жапаров А. У., Жоробеков Т.А., Дүшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Акаев Ж. К., Нурбаев А.М., Рысалиев З. К., Келдибаев С. А., Жунус уулу Алтынбек.

Тэги: мыйзам долбоору жолдор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу