Майнингге -суунун көлөмү маанилүүбү?

23.07.2019, 13:38 Акчабар
Майнингге -суунун көлөмү маанилүүбү?

Майнинг-компанияларды мыйзамдаштыруу керекпи? Анда реалдуу экономика зыян тартпоосу зарылбы? Майнинг-компанияларга  кыргыз энергиясын сатып канчтип пайда тапса болот «Акчабарга» Кыргызстандын  премьер-министринин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Заманга жараша тездик менен өнүгүп жаткан сапариптик акчалар жана аны чыгарган майнинг-компанияларга электр энергия сатып Кыргызстан пайда тапса болобу?

Бул маселе премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан бир нече жолу көтөрүлүп, энергетиктерге бул тармакты  кароо тапшырмасы берилген. Бирок, электр тармактар ишканасынын жетекчилиги тарабынан бул маселе колдоого алынбай, майнинг-фермаларына карата атайын пландар иштелип чыккан эмес.  

Ушул эле маалда республикада  майнерлер  электр энергиясын көп колдонуп, экономиканын реалдуу секторуна терс таасирин тийгизүүдө. 

Учурда министрлер кабинети инвестиция тартууга кызыкдар. Андыктан, ар бир бизнес үзгүлтүксүз, туруктуу электр энергиясы менен камсыз болууну каалайт. Ал эми майнинг-борборлор электр энергиясын көп кубаттулукта колдонушат. Алдыда кургакчылык келе жаткандыктан, суунун көлөмү тартыш болот. Ошондуктан, энергосистеманы эффективдүү  пайдалануу  милети турат. 

Мисалы 20 мегаватт  кубаттуулукта иштеген  майнинг- борборго электр энергиясын бергенче, экономиканын реалдуу секторуна бул энергияны берип, анда жумушчу орундарынан, салык төлөмдөрү аркылуу пайда көрсө болот. Анткени, өкмөттүн эң башкы максаты жаңы жумушчу орундарды түзүп, экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү. 

Анын үстүнө  майнинг борборлору  системалуу түрдө электр энергиясын колдонуу менен чыгарган криптовалюталары  олку- солку баага ээ болуп,  бул бизнес мыйзамдаштырылган эмес. 

«Финансы полициясы мыйзамга гана таянат. Андыктан, Кыргызстанга киргизилген жабдыктар канчалык мыйзамдуу жол менен кирип, кандай мыйзамга таянып иш жүргүзүп келген. Учурда жүрүп жаткан тергөөдө дал ушул суроолорго жооп алынышы керек. Ошондуктан, энергетиктерге тапшырма берилип, бул маселе экономика үчүн пайдалуу чечилишине талап коюлууда», – деп комментарий берди Адилет  Султаналиев.

Тэги: майнинг экономика электроэнергия правительство Мухаммедкалый Абылгазиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу